# 49-берене. Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү принциптери

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 49-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-49

---

1. Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-ден соолукту чыңдоо, эпидемияга каршы, алдын алуу, диагностикалык) ушул Мыйзамда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Кургак учуктун алдын алуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн акысыз, жалпыга жеткиликтүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптеринде жүзөгө ашырылат.

3. Кургак учуктун алдын алуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы вакцинациялоону - ал милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт;

2) МКПга ылайык жүргүзүлүүчү профилактикалык дарылоо;

3) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;

4) тобокелдик тобундагы адамдарга жүргүзүлүүчү кургак учукту диагностикалоо.

4. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилбейт. Көрсөтүлгөн тизмекке кирүүчү жумушта медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын иштөөсүнө тыюу салынат.

5. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар жана/же тобокелдик тобундагы адамдар кургак учукту диагностикалоо максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтөт.

6. Айланасындагыларга кургак учукту жугузуу тобокелдигин жараткан адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык изилдөөлөр, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилдүүлүк менен кургак учуктун микобактерияларынын болушуна медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган чет өлкөлүк жарандарга кургак учукту диагностикалоо максатында медициналык текшерүү саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-50)
