# 47-берене. Кант диабетин алдын алуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 47-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-47

---

1. Кант диабетинин алдын алуунун баштапкы объекттери болуп кант диабети тобокелдиги факторлору бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эсептелет.

2. Калк арасында кант диабетин алдын алуу төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;

2) калктын максаттуу топторунун арасында милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

3) кант диабетине шектенүүнү жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;

4) калк арасында кант диабети тобокелдиги факторлору жана анын алдын алуу, туура тамактануу, ден соолукту чыңдоо жөнүндө санитардык-агартуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-48)
