# 46-берене. Онкологиялык шишиктердин алдын алуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 46-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-46

---

Онкологиялык шишиктердин алдын алуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) ден соолук үчүн тобокелдүү жумушка кирүүдө милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

2) онкологиялык патологияга шектенүүнү (онкологиялык этияттануу) жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;

3) онкологиялык оорулардын келип чыгуу тобокелдиги факторлору жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;

4) онкологиялык шишиктердин өөрчүшү менен күчөп кетүүсү мүмкүн болгон ооруларды өз убагында дарылоо;

5) рактын таркап кеткен түрлөрүн эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;

6) профилактикалык вакцинациялоо жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-47)
