# 45-берене. Психикалык активдүү заттарга көз карандылыктын алдын алуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 45-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-45

---

1. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон психиканын бузулушун кесепеттеринин алдын алуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ден соолукту сактоого жана аны чыңдоого, социалдык бейпилдикке болгон далалатка өбөлгө түзүүчү турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу;

2) психикалык активдүү заттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө маалымдоого илимий-негизделген методдорду жана ыкмаларды түзүү;

3) кризистик кырдаалдарда жаштарды колдоо системасын уюштуруу;

4) психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон бузулуулары бар адамдардын арасында кесепеттерди азайтууга багытталган зыянды төмөндөтүү боюнча программаларды кошуп алганда алдын алуучу программаларга жетүүнү камсыз кылуу;

5) психикалык активдүү заттардын зыяны, ошондой эле аларды колдонуунун медициналык-социалдык-укуктук аспекттери жөнүндө маалымдуулукту арттыруу жана билимдерди сиңдирүү берүү калыптандыруу;

6) баңги каражаттарын, психикалык активдүү заттарды жана алардын аналогдорун жарнамалоого, анын ичинде иштеп чыгуу, даярдоо жана пайдалануу ыкмалары, методдору, аларды сатып алуу, өндүрүү жана таратуу жайлары жөнүндө маалыматтарга тыюу салуу;

7) жарандарга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жасоо;

8) АИВнин, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттердин алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

2. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен психикасы бузулган жана алардын кесепеттери тийген адамдарга алдын алуу жана психикалык-социалдык жардам берүү төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынат:

1) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;

2) жаза аткаруу системасынын медициналык-санитардык кызматтары;

3) коммерциялык эмес уюмдар.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-46)
