# 44-берене. Жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 44-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-44

---

Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алууну төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) ден соолук үчүн жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдиктин жүрүм-турумдук факторлорунун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну пропагандалоо жолу аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу маселелери боюнча окутуу программаларын киргизүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү;

2) алгачкы медициналык-санитардык жардамдын жана коомдун саламаттыгын сактоонун адистери тарабынан калк арасында жугуштуу эмес оорулар менен оорунун, жаракат алуунун абалына, ден соолук үчүн тобокелдик факторлоруна жана ооруларды азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алардын келип чыгышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;

3) калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча координацияланган көп секторлуу иш-чараларды жүргүзүү;

4) жугуштуу эмес ооруларды, кокустан болгон кырсыктарды жана жаракаттарды профилактикалоо боюнча мамлекеттик, улуттук, максаттуу жана башка программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

5) скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, калктын эрте кайрылуусуна дем берүү, калкты профилактикалык, анын ичинде милдеттүү, медициналык кароодон өткөрүү аркылуу жугуштуу эмес өнөкөт оорулары бар адамдарды аныктоо;

6) өнөкөт оорулары бар адамдарга динамикалык байкоо жүргүзүү жана өз убагында дарылоо, анын ичинде МКПга ылайык Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарын амбулатордук дарылык камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу эмес оорулардын таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө таасир этүү системасын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-45)
