# 42-берене. Вакциналар менен камсыз кылуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=15861..39976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 42-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-42

---

1. Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын вакциналар менен камсыз кылуу коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюму аркылуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. Вакциналар менен өз убагында камсыз кылуу жана Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык керектөөдөн 6 айдан кем эмес көлөмдө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасы түзүлөт.

3. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-43)
