# 4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 4-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:

1) адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын иш жөндөмдүүлүгүн жана тышкы таасирлерге каршы туруунун жогорулоосун чагылдыруучу тышкы чөйрөнүн өзгөрүлмө шарттарына тирүү организмдин ыңгайлашуу процесстери;

2) адаптациялык жөндөмдүүлүк - мүмкүн болуучу зыянды азайтуу, жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрүп турушун, экстремалдык кубулуштарды кошуп алганда) карата системанын ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү;

3) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн алууда анонимдүүлүк - кызмат көрсөтүүнү инсандыгын ырастоочу документтерди көрсөтпөстөн жана адамдын жеке маалыматтарын кабарлабастан же болбосо кодду пайдалануу менен алуу;

4) бактерия бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө оору козгоочу бактерияларды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;

5) бактерия алып жүрүүчү - организминде өзү байкабаган, жугуштуу оору козгоочу бактериялары бар адам же жаныбар;

6) вакцина (иммунобиологиялык дары препараты) - активдүү же пассивдүү иммунитетти калыптандыруу же иммунитеттин болушун диагностикалоо же аллергендик заттарга иммунологиялык жооптун өзгөчө алынган өзгөрүүсүн диагностикалоо (иштеп чыгуу) үчүн арналган дары препараты;

7) вакцинациялоо (иммунизациялоо) - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти (кабыл албоо) түзүү методу;

8) вирус бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө жугуштуу ооруларды козгоочу вирустарды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;

9) адамга зыяндуу таасир этүү - адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч же болбосо келечек муундун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасир этүүсү;

10) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча иш;

11) басмырлоо - медициналык-санитардык жардам алууда жынысынын, расасынын, тилинин, саламаттыгынын абалынын, майыптуулугунун, этностук таандыктыгынын, диний ишениминин, курагынын, саясий же башка ынанымдарынын, билиминин, тегинин, мүлктүк же башка абалынын белгилерине, ошондой эле башка жагдайларга негизделген ар кандай айырмалоо, өзгөчөлөө, чектөө, ажыратуу жана артыкчылык берүү;

12) коомдун саламаттыгын сактоонун аралыктан кызмат көрсөтүүлөрү - ден соолукту чыңдоо, оорулардын алдын алуу, ооруларды аныктоо жана диагностикалоо, алардын таркап кетүүсүн азайтуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү максатында, медициналык кызматкерлердин ич ара, юридикалык жана/же жеке жактар жана/же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн, аталган жактарды идентификациялоону, ошондой эле алар жасоочу иш-аракеттерди документтөөнү санариптик технологиялар, мобилдүү түзүлүштөр аркылуу камсыз кылуучу коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

13) АИВ боюнча тестке чейинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тестирлөөдөн өтүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн психикалык-социалдык кеңеш берүү;

14) адамдын ден соолугу - оорулардын же дене бойлук кемтиктердин жоктугу гана эмес, адамдын толугу менен физикалык, психикалык жана социалдык жактан бакубат абалы;

15) туура тамактануу - адамдын өсүшүн, өнүгүшүн жана жашоо-турмушун камсыз кылуучу, анын ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга, мезгилсиз өлүмдүн алдын алууга өбөлгө түзүүчү тамак-аш;

16) сергек жашоо мүнөзү - оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, ошондой эле адамдын ден соолугуна тышкы факторлордун зыяндуу таасирин азайтуу (туура эмес тамактануу, алкоголь, тамеки, психикалык активдүү заттар ж.б.) жана мезгилсиз өлүмдүн алдын алуу максатындагы адамдын жашоо мүнөзү;

17) зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндикке мониторинг жүргүзүү - жугуштуу оорулардын табигый очокторунун активдүүлүгүн аныктоочу факторлорго байкоо жүргүзүү;

18) иммунопрофилактика (жугуштуу оорулардын өзгөчө алдын алуу) - вакцинациялоонун (иммунизациялоонун) жардамы менен белгилүү бир жугуштуу ооруга карата адамдын организминде иммунитетти (кабыл албоо) пайда кылуу жолу аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу методу;

19) жугуштуу оору боюнча индекстик учур (индекстик бейтап) - ар кандай курактагы адам жүргөн конкреттүү бир жерде же аны менен байланышта болгон адамдарга карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан башка адамдарга жугузуу тобокелдиги бар башка салыштырмалуу шарттарда ал адамдагы жугуштуу оорунун алгачкы аныкталган жаңы же кайталанган учуру;

20) тамак-аш азыктарын йоддоо (фортификациялоо) - йод жетишсиздиги ооруларынын жалпы алдын алуу үчүн тамак-аш азыктарын йод менен байытуу процесси;

21) медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекция - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарына бейтап медициналык жардам алуу үчүн кайрылган учурда болбогон жана инкубациялык мезгилинде болбогон, бирок ооруканадан чыккандан кийин билинген, ага медициналык жардам көрсөтүү процессинде жуккан, анын ичинде ошондой эле медициналык кызматкердин ушул саламаттык сактоо уюмунда иштөөсүнөн улам жугузуп алган жугуштуу оорулар;

22) инфекциялык контроль - эпидемиологиялык диагностиканын маалыматтарына негизделген жана саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга багытталган иш-чаралардын системасы;

23) Алдын ала эмдөөлөрдүн календары - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жана жарандарга алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн жана тартибин белгилөөчү документ;

24) калктын негизги топтору - ар кандай эпидемиологиялык шарттарда жугуштуу оору жугузуп алуу тобокелдиги жогору жана/же инфекциясы оор топтор;

25) байланышта болгон адамдар - жугуштуу оору козгогучту бөлүп чыгаруучу же контаминацияланган материал менен байланышы бар/байланышта болгон адамдар;

26) медициналык текшерүүдөгү купуялуулук - жугуштуу же жугуштуу эмес оору боюнча адамдын текшерүүдөн, байкоодон өтүү фактысы тууралуу маалымат жашыруун сакталуусу кепилденүүчү медициналык текшерүү жана байкоо;

27) АИВден жабыр тарткан адамдар - жакын туугандарынын АИВ жугузуп алгандыгына байланыштуу моралдык жана мүлктүк жактан зыян тарткан адамдар;

28) Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (мындан ары - ЭМСЭ) - улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлде медициналык-санитардык коопсуздукту күчөтүү максатында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эрежелерди белгилөөчү эл аралык документ;

29) коомдун саламаттыгы - демографиялык көрсөткүчтөрү, дене бойдун өнүгүү мүнөздөмөлөрү, оорулар жана майыптуулук менен баа берилүүчү географиялык, социалдык же болбосо башка белгилер боюнча калктын же белгилүү бир топтун жана коомдоштуктун саламаттыгы;

30) коомдун саламаттыгын сактоо - бардык кызыкдар тараптардын уюмдашкан күч-аракеттери, калкка, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарга, коомдоштуктарга жана жеке жактарга маалымат берүү аркылуу калктын саламаттыгын сактоого, оорулардын алдын алууга, адам өмүрүн узартууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган иш-чаралардын системасы;

31) чектөө иш-чаралары (карантин) - жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүнын, массалык уулануулардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кийин аны жоюу менен эпидемиялык очокту чектөөнү камсыз кылууга багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караштыруучу убактылуу уюштуруу, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;

32) өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар - оорулардын тез таркап кетүүсүна жана көп сандаган адамдардын жугуштуу оору жугузуусуна, оорунун оор өтүшүнө, өлүмгө учуроонун жогорку пайызына байланыштуу өзгөчө эпидемиологиялык кооптуулук жаратуучу жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык мааниге ээ болгон бир кыйла кооптуулук жаратууга өбөлгө түзүүчү окуялардын тизмегине кирүүчү жугуштуу оорулардын тобу;

33) саламаттыкка тийгизген таасирге баа берүү - калктын саламаттыгынын абалы, саламаттык сактоону өнүктүрүү жана бүтүндөй социалдык-экономикалык өнүктүрүү, белгилүү бир саясатты же программаны, же конкреттүү кызматтардын же уюмдардын ишин жүргүзүү көз карашынан алганда түздөн-түз жана кыйыр кесепеттерге комплекстүү баа берүү;

34) адамдын ден соолугуна болгон тобокелдикке баа берүү - белгилүү бир шарттарда адамдын жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамдардын конкреттүү тобуна таасир тийгизүүсүнүн натыйжасында өөрчүп кетүүгө жөндөмдүү зыяндуу натыйжалардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү, айлана-чөйрөнүн (абанын, суунун, тамак-аш азыктарынын) булганышынын жагымсыз кесепеттерин божомолдоо;

35) иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасир (мындан ары - ИККТ) - Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөдөн, ошондой эле иммунизациялоодон кийин келип чыккан, медициналык көз караштан алганда, ар кандай жагымсыз көрүнүш менен туюндурулган эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөдөн келип чыгуучу вакцинадан кийинки оорунун өтүшүп кетүүсү;

36) популяциялык иммунитет (жамааттык иммунитет) - калктын иммунитетинин өнүгүүсүнүн негизинде, же болбосо вакцинациялоонун, же болбосо мурда жугуштуу оору менен ооругандыгынын натыйжасында келип чыгуучу жугуштуу оорудан кыйыр коргонуу;

37) бирдиктүү саламаттык принциби - адамдын ден соолугунун, жаныбарлардын саламаттыгынын жана айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланыш, ошондой эле калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн секторлор аралык координациялоо каралуучу ыкма;

38) табигый очоктуу жугуштуу оорулар - козгогучтары айрым аймактарда - табигый очоктордо, жаныбарлардын, кемирүүчүлөрдүн, канаттуулардын, кан соргуч муунак буттуулардын (ар кандай жугуштуу оорулардын резервуарларында) организминде жайгашкан, узак мезгилге чейин сакталуучу (жаныбарлардан адамга жугуучу) жугуштуу оорулар, мында табигый очоктун эпидемиологиялык таасири козгогучтун циркуляциясынын тездигине жана калктын экосистема менен байланышуу даражасына жараша болот;

39) оорулардын алдын алуу - оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү ыктымалдыгынын алдын алууга же азайтууга, же болбосо анын агымын токтотууга, рецидивди жана өтүшүп кетүүнү болтурбоого багытталган иш-чаралар;

40) профилактикалык дарылоо - ооруну жугузуу же күчөтүү коркунучуна кабылган адамдарда дары-дармектердин жардамы менен оорунун өөрчүшүн же күчөшүн алдын алуу методу;

41) профилактикалык иш-чаралар - климаттын, экологиянын өзгөрүшүнүн, жол-транспорт кырсыктарын кошуп алганда, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калкка тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, оорулардын, массалык уулануулардын, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык, адаптациялык жана башка чаралар;

42) алдын ала эмдөөлөр - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабылдабай тургандай болуусу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды киргизүү;

43) психикалык-социалдык кеңеш берүү - психикалык-эмоционалдык стрессти жеңүүгө жана жугуштуу оору боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү текшерилип жаткан адам менен колдоо көрсөтүп жаткан адамдын ортосундагы купуя диалог;

44) психикалык активдүү зат - өзүнө Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун улуттук тизмелериндеги заттарды камтыган, борбордук нерв системасынын иштешине таасир этүүчү, ал тургай аң-сезимди өзгөрткөнгө чейин, психикалык ал-абалдын өзгөрүшүнө алып келүүчү зат;

45) психикалык саламаттык - мында адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруучу, турмуштук оорчулуктарга жана стресске натыйжалуу туруштук берүүчү, түшүнүү менен жемиштүү иш жүргүзүүчү жана социумду өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошуучу психологиялык жана социалдык бейпилдик абалы;

46) мажбурлап күбөлөндүрүү - жугуштуу ооруларды жугузуп алгандыгын адамдын макулдугусуз, сот же тергөө органдарынын чечими боюнча жүргүзүлүүчү медициналык текшерүү;

47) АИВ боюнча тесттен кийинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тесттин жыйынтыктарын талкуулоо максатында психикалык-социалдык кеңеш берүү;

48) кургак учуктун болжолдонгон учуру - адамдын кургак учукка чалдыгуусунун симптомдору же белгилери (жөтөл, арыктоо, түнкүсүн тердөө жана дене табынын жогорулашы);

49) тузду таратуучулар - менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан тузду ташып келинүүчү же сатуучу юридикалык жана жеке жактар;

50) санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнү, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) ташып келүүнү, келип чыгышын жана таркап кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларында же кошулган станцияларда адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынган продукцияга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү;

51) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги - жашоо чөйрөнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын турмуш-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынган адамдын жашоо чөйрөсүнүн, калктын саламаттыгынын абалы;

52) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуу деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн абалы;

53) алдын ала эмдөө сертификаты - адамдын алдын ала эмдөөлөрү катталган документ;

54) коомдун саламаттыгын сактоо кызматы - иши сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого, калктын саламаттыгынын абалына мониторинг жүргүзүүгө, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикке жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө багытталган, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын системасы;

55) социалдык-гигиеналык мониторинг - калктын саламаттыгынын абалына жана жашоо чөйрөсүнө байкоо жүргүзүүнүн, аларды талдоонун, ден соолук үчүн тобокелдиктерге баа берүүнүн жана божомолдоонун, ошондой эле калктын саламаттыгынын абалы менен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда, эпидемияларда, таасиринин ортосундагы себеп-натыйжалык байланыштарды аныктоонун мамлекеттик системасы;

56) социалдык аралык сактоо - адамдардын ортосундагы физикалык аралыкты алыстатуу аркылуу жугуштуу ооруларды токтотууга же таркап кетүүсүн басаңдатууга жана жакындан байланышуу санын азайтууга, адамдардын топтолуусун болтурбоого багытталган медикаментоздук эмес мүнөздөгү санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын комплекси;

57) социалдык мобилизация - жалпы максатка жетүү үчүн коомдун бардык негизги секторлору чогуу иштөөчү, пландаштырылган процесс;

58) ооруга байланыштуу стигматизация - белгилүү бир адам же жалпы мүнөздөмөлөрү бар адамдардын тобу менен белгилүү бир оору боюнча терс ассоциациясынын келип чыгышы, ушундай адамдарга карата бир тараптуулуктун, стереотиптердин, басмырлоонун жана сегрегациянын таркап кетүүсү жана/же алардын ооруга чалдыгуусуна байланыштуу өздөрүнүн статусун жоготуусу менен туюндурулат;

59) ден соолукту чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка факторлордун, ошондой эле жашоо чөйрөнүн жана жашоо мүнөзүнүн ден соолукка тийгизген таасирин түшүнүүгө жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларды контролдоону күчөтүүгө мүмкүндүк берүүчү процесс;

60) калктын аялуу топтору - оор турмуштук кырдаалга дуушар болгон жана/же эпидемиологиялык ыңгайсыз райондо жашаган жана/же тобокелдик тобуна кирген ооруга чалдыккан адамдардын топтору;

61) коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же болбосо ушул Мыйзамды аткаруунун натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарынын ишинин натыйжасы;

62) ден соолук жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдик факторлору - оорунун пайда болуу ыктымалдыгын арттыруучу же адамдын саламаттыгынын абалына жагымсыз таасир тийгизүүгө алып келүүчү факторлор;

63) кант диабети боюнча тобокелдик факторлору - кант диабети боюнча оорлошкон тукум куучулук, ашыкча салмак, гипертониялык оору, салмагы 4,5 кг жогору болгон балдардын төрөлүшү;

64) калктын максаттуу топтору - оорунун келип чыгуусунун жана анын өөрчүшүнүн, өтүшүп кетишинин жана майыптуулукка, эрте өлүмгө алып келүүчү кесепеттеринин тобокелдиги жогору болгон адамдардын топтору;

65) ден соолуктун санарип паспорту - адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою калыптандырылуучу, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон коргоого алынган түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте топтоо;

66) эпидемиялык очок - жугуштуу ооруну айланасындагыларга жугузуу кооптуулугунун чегинде чектеш аймагы менен жугуштуу ооруну козгогучтун булагы чыккан жер;

67) профилактика - ден соолукту сактоого жана чыңдоого, оорулардын келип чыгышынын жана (же) таралышынын алдын алууга, аларды эрте табууга, алардын келип чыгышынын жана өөрчүшүнүн себептерин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирлерди четтетүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-5)
