# 38-берене. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүгө талаптар

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 38-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-38

---

1. Алдын ала эмдөөлөр жарандарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.

2. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарынын алкагында жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.

Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөр ушул берененин 5-бөлүгүндө аныкталган тартипте Алдын ала эмдөө календарынын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Алдын ала эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын, жашы жете электердин жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.

4. Алдын ала эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөргө ээ болбогон жарандарга жасалат.

5. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле медициналык документтердин жана алдын ала эмдөөлөрдүн сертификатынын формалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-39)
