# 37-берене. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 37-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-37

---

1. Жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, жарандарга эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлөт.

2. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, облустардын, шаарлардын жана райондордун башкы мамлекеттик санитардык врачтары, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уюмдарында - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын башчылары кабыл алат.

3. Кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жасалат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-38)
