# 33-берене. Динамикалык байкоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 33-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-33

---

1. Динамикалык байкоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте МКПнын алкагында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде өнөкөт оорулары бар бейтаптарга жүргүзүлөт.

2. Динамикалык байкоого алынууга жаткан өнөкөт оорулардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

3. Жумушу зыяндуу шарттар жана кызматкерлердин ден соолугуна залал келтирүү мүмкүндүгү менен байланышкан, өзүнүн ишин саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматкерлер аталган уюмдун каражаттарынын эсебинен динамикалык байкоодон өтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-34)
