# 32-берене. Скринингдик изилдөөлөр

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 32-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-32

---

1. Скринингдик изилдөөлөр ооруларды эрте стадияларында аныктоо жана оорулардын, оорулардын келип чыгышына түрткү болгон тобокелдик факторлорунун өрчүшүнүн алдын алуу, калктын саламаттыгын калыптандыруу жана чыңдоо максатында калктын негизги жана максаттуу топтору арасында жүргүзүлөт.

2. Скринингдик изилденүүгө тийиш болгон адамдардын максаттуу жана негизги топтору Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибинде, көлөмдө жана мезгилде скринингдик изилдөөлөрдөн өтүүгө тийиш.

3. Жүргүзүлгөн скринингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ушул изилдөөлөрдү жүргүзгөн, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан саламаттыктын санарип паспортуна жана медициналык маалымат системасына киргизилет.

4. Иш берүүчүлөр МКПнын жана/же кызматкерлерди кошумча колдоо чараларынын алкагында ушул кароодон өтүүгө тийиш болгон адамдардын скринингдик изилдөөдөн өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш ордун (кызмат ордун), орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш мезгилинде текшерүүдөн өтүүсү үчүн кызматкерлерди иштен тоскоолдуксуз коё берет.

5. Скринингдик изилдөөлөрдүн өз убагында болушу жана сапаты саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-33)
