# 3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 3-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын негизги максаты болуп саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу саналат.

2. Саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) калктын саламаттыгын чыңдоо;

2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;

3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу;

4) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу;

5) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу;

6) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-4)
