# 28-берене. Сергек жашоо мүнөзү

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 28-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-28

---

1. Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын жашоо мүнөзүнүн жагымдуу өзгөрүүлөрүнө, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга өбөлгө түзүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүүгө умтулуусун калыптандыруу жана колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) сергек жашоо мүнөзүн сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү;

2) ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;

3) калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;

4) психикалык саламаттыкты чыңдоону жана психикалык саламаттыкка, психикалык жактан ооругандарга карата коомдун терс мамилесин өзгөртүүнү.

2. Сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат, коомдун саламаттыгын сактоо кызматы тарабынан координацияланат.

3. Профилактикалык жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар калктын бардык топторуна карата өмүр бою жүргүзүлөт жана жыныс курактык, психологиялык жана социалдык аспекттерди эске алат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-29)
