# 26-берене. АИВни кесиптик ооруларга кошуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 26-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-26

---

1. Медициналык, фармацевттик, социалдык же башка кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда АИВни жугузуп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет.

2. Аталган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктер берилет жана бир жолку мамлекеттик жөлөкпул төлөнөт.

3. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары медициналык кызматкерлерди медициналык кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылууга жана АИВни жугузууну аныктоо максатында аларды системалуу түрдө текшерип турууга милдеттүү.

4. Менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр өз кызматкерлерин АИВ жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгондо жумуш ордунда коргонуу чаралары менен камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-27)
