# 25-берене. АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 25-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-25

---

1. АИВ жугузган күнгө карата 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштыруучу адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВ жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

2. Майыптык белгиленген АЖА адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми пенсия менен камсыз кылууга укугу жок болгондо, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөкпул дайындалат.

3. 14 жашка чейинки АЖА балдардын ата-энелеринин бири же болбосо аны иш жүзүндө багып жаткан адам эмгек мыйзамдарында, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-26)
