# 24-берене. АИВге чалдыккан балдарды социалдык коргоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 24-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-24

---

1. АИВ диагнозу коюлган 18 жашка чейинки курактагы балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар деп таанылат.

2. АИВге чалдыккан балдарга катталган учурдан тартып, ал эми АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн тартып 18 айга толгонго чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпул белгиленет.

3. АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар бир жашка чыкканга чейин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыз кылынат.

4. АИВге чалдыккан 18 жаштан ашкан адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан жалпы негиздерде текшерүүдөн өтөт.

5. АИВге чалдыккан, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында, реабилитациялык борборлордо же ден соолугуна байланыштуу үй шартында жүргөн балдар белгиленген билим берүү стандарттарына жана программаларына ылайык орто билим берүү мектебинин жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу.

6. АИВге чалдыккан балдарды менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына жана санаториялык-ден соолукту чыңдоо мекемелерине кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-25)
