# 22-берене. Эмгек чөйрөсүндөгү жеңилдиктер

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 22-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-22

---

1. Кургак учукка каршы адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык жана башка кызматкерлер узактыгы 14 календардык күн болгон кошумча өргүү алууга, кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө эмгек акысына кошумча төлөм алууга укуктуу.

2. Өлкөдө же өзүнчө региондо кургак учук боюнча эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал мезгилине Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан адамдардын кургак учук менен ооруп калган учурларын өз убагында аныктагандыгы үчүн медициналык кызматкерлерди материалдык сыйлоо чаралары колдонулат.

§ 3. АИВнин алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-23)
