# 18-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 18-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-18

---

1. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жугуштуу оорулардын алдын алууга, таркап кетүүсүн чектөөгө жана жоюуга багытталган.

2. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:

1) жарандар үчүн алдын ала эмдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө;

2) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана МКПга ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү акысыз жүргүзүүгө;

3) ИККТда жарандарды социалдык жактан коргоого;

4) иммунопрофилактиканы ишке ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сертификатталган натыйжалуу вакциналарды колдонууга;

5) вакциналардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоого;

6) иммунопрофилактика жана жаңы вакциналарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдү колдоого;

7) медициналык кызматкерлерди даярдоонун мамлекеттик билим берүү стандарттарына иммунопрофилактика маселелерин киргизүүгө;

8) статистикалык байкоо жүргүзүү системасын өркүндөтүүгө;

9) иммунопрофилактика чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты камсыз кылууга;

10) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө.

3. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну Министрлер Кабинети, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жер-жерлерде аткаруу бийлигинин органдары камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-19)
