# 17-берене. Юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 17-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-17

---

1. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жана коомдун саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу актылар тууралуу маалымат алууга;

2) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

3) жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтуртууга.

2. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;

2) аткарылып жаткан жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;

3) продукциялардын жаңы түрлөрүнүн чыгышын, сапатын жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастоочу документтерди белгиленген тартипте берүүгө;

4) калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин бузулушу, экстремалдык жаратылыштык-климаттык кырдаалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдун саламаттыгын сактоо органдарына жана уюмдарына өз убагында маалымдоого;

5) иш-аракеттери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга;

6) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын, профилактикалык (санитардык) иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдоого.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-18)
