# 13-берене. Адамдын жана жарандын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жалпы укуктары жана милдеттери

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 13-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-13

---

1. Ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү болтурбоочу сый-урматтуу жана гумандуу мамиледе болууга;

2) факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;

3) врачты, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын эркин тандоого;

4) укуктары, учурдагы оорусунун мүнөзү жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга;

5) оорулары жана алдын алуу чаралары жөнүндө анык маалыматтарды алууга;

6) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга;

7) калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контролдоо жүргүзүүгө;

8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын коргоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

9) башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусунан улам, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын аткарууда ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды жарандык мыйзамга ылайык толук көлөмүндө ордун толтуруп алууга;

10) объекттердин канааттандырбаган абалы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселелери боюнча коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга;

11) сергек жашоо мүнөзү, өмүр бою ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды алууга.

2. Ар бир адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга;

2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден соолугуна, аларга гигиеналык тарбия берүүгө жана окутууга кам көрүүгө;

3) башка жарандардын ден соолукту коргоого жана ден соолук үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого;

4) коомдун саламаттыгын сактоо маселелери боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-14)
