Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Адамдын жана жарандын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жалпы укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 245
1. Ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү болтурбоочу сый-урматтуу жана гумандуу мамиледе болууга;
2) факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;
3) врачты, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын эркин тандоого;
4) укуктары, учурдагы оорусунун мүнөзү жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга;
5) оорулары жана алдын алуу чаралары жөнүндө анык маалыматтарды алууга;
6) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга;
7) калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контролдоо жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын коргоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусунан улам, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын аткарууда ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды жарандык мыйзамга ылайык толук көлөмүндө ордун толтуруп алууга;
10) объекттердин канааттандырбаган абалы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселелери боюнча коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга;
11) сергек жашоо мүнөзү, өмүр бою ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды алууга.
2. Ар бир адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга;
2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден соолугуна, аларга гигиеналык тарбия берүүгө жана окутууга кам көрүүгө;
3) башка жарандардын ден соолукту коргоого жана ден соолук үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого;
4) коомдун саламаттыгын сактоо маселелери боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо алынып салынды: жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук алынып салынды: актылардын талаптарын кошулду: актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга;
2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден … боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга.
кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнөн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер…Постановление · 30.12.2019 · № 719 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002377/st-13" title="13-берене - 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>