# 11-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо кызматы

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 11-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-11

---

1. Менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылышат жана өткөрүшөт, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана калктын саламаттыгын чыңдоого, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасиринин алдын алууга, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө калкты гигиеналык жактан тарбиялоого жана агартууга көмөк көрсөтүшөт.

2. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жана контролдоону Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.

3. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына отчет берүүчү шаарлардын жана райондордун мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын камтыган бирдиктүү системасын туюндурат.

4. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын түзүмү жана иши саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, буга анын ведомстволук бөлүмдөрү кирбейт, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.

5. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү медициналык кызматкерлерге ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-12)
