# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 1-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди жана иш-чараларды ишке ашырууну, анын ичинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер саналат.

2. Ушул Мыйзам:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ушул Мыйзамда жана саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда колдонулат.

3. Ушул Мыйзамдын ишке ашырылышына саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-2)
