# Кара-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-ноябры № 1 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-ноябры № 1 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30-18-1
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24003/edition/3689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-ноябры № 1 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө" токтому (06.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002336

---

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 30-чакырылышынын 18-сессиясы 2023-жылдын 6-ноябры № 30-18-1 «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнундө мыйзамынын 40 беренсинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 18 сентябрь 2023- жылы №1 лицензиялык макулдашуусу жана №7369 АР лицензиясынын негизинде Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Мироновское” кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнундөгү “Кыргызалтын” акционердик коомунун өкүлү Р. Артыкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 18 сентябрь 2023- жылы №1 лицензиялык макулдашуусу жана №7369 АР лицензиясына ылайык 776, 3 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилсин.

2. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документин (келишим) мамлекеттик каттодон өткөрүү жагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кемин филиалынан суралсын.

3. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштерин аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирлисин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин аградык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамбеказиевке жүктөлсүн.

Төрага

А. М. Кулболдиев
