Кара-Булак айылдык кеңешинин «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 30-чакырылышынын 18-сессиясы 2023-жылдын 6-ноябры № 30-18-1 «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнундө мыйзамынын 40 беренсинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 18 сентябрь 2023- жылы №1 лицензиялык макулдашуусу жана №7369 АР лицензиясынын негизинде Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Мироновское” кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнундөгү “Кыргызалтын” акционердик коомунун өкүлү Р. Артыкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Мироновское» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 18 сентябрь 2023- жылы №1 лицензиялык макулдашуусу жана №7369 АР лицензиясына ылайык 776, 3 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документин (келишим) мамлекеттик каттодон өткөрүү жагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кемин филиалынан суралсын.
3. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштерин аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирлисин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин аградык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамбеказиевке жүктөлсүн.
Төрага
А. М. Кулболдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 810
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон