# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: УП 23
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002297/edition/3648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (02.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002297

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 2-февралы ПЖ № 23 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- I бөлүмдүн 1-главасында:

төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: "Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)";

- II бөлүмдүн 4-главасында:

6-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясынын "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" бөлүмүндө "(\*)" белгиси "(министр тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)(\*)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
