Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 23 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-февралы ПЖ № 23 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн 1-главасында:
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: "Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)";
- II бөлүмдүн 4-главасында:
6-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясынын "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" бөлүмүндө "(*)" белгиси "(министр тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)(*)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү…Постановление · 01.04.2014 · № 195 · Күчүн жоготкон