# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002272/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5295/edition/3626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002272/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (26.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002272/st-1

---

«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана аны карап-күтүүгө. кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай (имарат); казино, тотализатор, букмекердик кеңсе;»;

б) берене мамлекеттик тилде төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«катышуучу - оюн-зоок жай өткөргөн кумар оюндарына түздөн-түз катышкан чет мамлекеттин жараны болуп саналган жеке жак;»;

в) он биринчи абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) он үчүнчү абзацта «оюн-зоок орун жайы» деген сөздөр «оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) он төртүнчү абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

е) он бешинчи абзацта «казинонун же оюн автоматтар залынын» деген сөздөр «оюн-зоок жайынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 13-беренеде:

а) 4-бөлүктө «өзүнчө жайында» деген сөздөр «оюн-зоок зонасында» деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 7-бөлүктө «жана оюн автоматтары залында» деген сөздөр алып салынсын;

в) 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Казино, анын ичиндеги оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасы жана букмекердик кеңсенин жана тотализатордун оюн-зоок зонасы же орун жайы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылууга тийиш:»;

3) 14-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272/st-2)
