1-берене
Күчүндө · 26.02.2024 редакциясы
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана аны карап-күтүүгө. кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай (имарат); казино, тотализатор, букмекердик кеңсе;»;
б) берене мамлекеттик тилде төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«катышуучу - оюн-зоок жай өткөргөн кумар оюндарына түздөн-түз катышкан чет мамлекеттин жараны болуп саналган жеке жак;»;
в) он биринчи абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он үчүнчү абзацта «оюн-зоок орун жайы» деген сөздөр «оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) он төртүнчү абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) он бешинчи абзацта «казинонун же оюн автоматтар залынын» деген сөздөр «оюн-зоок жайынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-беренеде:
а) 4-бөлүктө «өзүнчө жайында» деген сөздөр «оюн-зоок зонасында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө «жана оюн автоматтары залында» деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Казино, анын ичиндеги оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасы жана букмекердик кеңсенин жана тотализатордун оюн-зоок зонасы же орун жайы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылууга тийиш:»;
3) 14-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.».
Берененин тексти 26.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002272/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>