Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 354 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 25-декабры ПЖ № 354
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Административдик реформаны андан ары улантуу, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле жер ресурстарын башкаруу, кадастр, геодезия жана картография жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
2. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- кызматкерлеринин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары менен:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси деп кайра атоо менен; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы деп кайра атоо менен.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик;".
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;"; он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;".
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматын тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- эки жумалык мөөнөттө жоболордун жана башкаруу схемаларынын тиешелүү долбоорлорун;
- эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук жана башка актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бир айлык мөөнөттө Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын жоболорун жана башкаруу схемаларын бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана…Постановление · 12.02.2024 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарба…Постановление · 15.05.2024 · № 248
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-марты № 91 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү…Постановление · 04.03.2024 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 14.10.2024 · № 619
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №2-Д…Приказ · 19.03.2025 · № 209
- КР Министрлер Кабинетинин 12.02.24 ж. №53 токтомуПостановление · 12.02.2024 · № 53
- КР Министрлер Кабинетинин 07.03.24-ж. № 98 токтомуПостановление · 07.03.2024 · № 98
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425