# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 01 токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 01 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23928/edition/3559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 01 токтому (22.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002213

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 22-февралы № 01 “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мындан ары ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кара-Балта шаарына облустук маанидеги шаар статусун берүү менен, ошондой эле Кара-Балта шаарында спортту, анын ичинде футболду жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого үндөө максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кара-Балта» муниципалдык футбол клубун Кара-Балта шаарынын Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынан штаттык бирдикти, эмгек акыны жана стипендияны жогорулатуу менен, тиркемеге ылайык бөлүү үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 01 “Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаардык муниципалдык футбол клубун Кара-Балта шаарынын Маданият, спорт жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн курамынан ажыратуу боюнча керектүү иш аракеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэри– М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта ш. мэриясына.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
