# 94-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002212/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5292/edition/3557/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 94-берене (26.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002212/st-94

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"94-берене. Ырайым кылуу

1. Ырайым кылуу белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ырайым кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

2. Ырайым кылуу жөнүндө акт менен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жазанын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотуу;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;

3) сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза колдонулган же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларды кошпогондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.

3. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212/st-2)
