# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23820/edition/3427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002085

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 22-февралы № 79

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 62-статьясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
