Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Маркалоо борбору» ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-январы № 41
"Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында маркалоонун айрым маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 87 "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-февралындагы № 10 (3563) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралы № 87 "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 87 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралы № 87 "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 87 · Күчүн жоготкон