28-берене. Адвокатка карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
Күчүндө · 27.02.2024 редакциясы
1. Адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары бузулганда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:
1) эскертүү;
2) адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөткө убактылуу четтетүү;
3) бул адвокат менен 1 жылдан эрте эмес жаңы келишим түзүү шарты менен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуу.
2. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимге адвокат тарабынан административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.";
17) 4-главада:
а) главанын аталышы "каржылоо тартиби" деген сөздөрдөн кийин ", мониторинг жүргүзүү жана анын сапатын баалоо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 301-берене менен толукталсын:
"301-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзөт, баалайт.
2. Консультациялык-укуктук жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.".
Берененин тексти 27.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002032/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>