# 1-берене

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001984/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5287/edition/3291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001984/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001984/st-1

---

"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

б) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"турган жери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу же артыкчылыктуу жашоосу үчүн арналбаган жер;";

в) тогузунчу жана онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

г) статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"каттап эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча эсепке алуунун электрондук тутуму, анын негизги принциби ички жер которуу процесстерин, анын ичинде онлайн форматта жөнгө салуу болуп саналат;";

2) 4-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 8-статьянын биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 9-статьяда "ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 12-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 13-статьяда:

а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу калкты жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу үчүн багытталган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган маалыматтык тутум аркылуу жүзөгө ашырылат. Өзүм билемдик менен курулган курулуштарда жашоочу Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кыймылсыз мүлккө техникалык паспорту бар болгон учурда жүзөгө ашырылат. Жарандардын бул категориясын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

б) 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 16-статьяда:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жаран жашаган жери өзгөргөн учурда жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттап эсепке алуусу үчүн кайрылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Аскерге милдеттүү жарандарды жана чакырылуучуларды каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.";

б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Белгилүү бир жашаган жери жок жарандарды каттоо алар турган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, же болбосо социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү же калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактардын юридикалык дареги боюнча жүргүзүлөт. Жарандардын бул категориясын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

г) 5-пунктта:

- биринчи абзацта "төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт" деген сөздөр "төмөнкүдөй негиздер боюнча жүзөгө ашырылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2 жана 3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пунктчалар менен толукталсын:

"6) турак жайга менчик укугун ырастоочу документтерди көрсөтүү менен турак жайдын мурунку менчик ээси менен чогуу жашаган адамдарды каттап эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө турак жайдын менчик ээсинин арызы;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;

8) жаран каза болгондо.";

8) 17-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"Турган жерине келген жаран калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу белгиленген формадагы арыз менен кайрылууга милдеттүү.";

9) 18-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 20-22-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-статья. Каттоо эрежелери

Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча жарандарды каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу эрежелери, анын ичинде каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, аскерге милдеттүүлөрдү, соттолгондорду жана жарандардын башка категорияларын каттоо, ошондой эле өзгөчө режим шарттарында турган калктуу конуштарда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984/st-21)
