Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И. Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 22-февралы № 12 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И. Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Матраимов Искендер Исмаиловичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 6-бөлүгүнө, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Матраимов Искендер Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Матраимов Искендер Исмаиловичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021