# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т (Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т (Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 811-р
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19099/edition/3227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т (Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси (26.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001893

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ

2023-жылдын 26-декабры № 811-т

Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү, колдонуу жана сыпаттоо жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул тескемени ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
