# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 818-т (2023-жылдын 5-июнунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, "Eti Bakir" акционердик коомунун жана "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга № 1 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 818-т (2023-жылдын 5-июнунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, "Eti Bakir" акционердик коомунун жана "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга № 1 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 818-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19093/edition/3135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 818-т (2023-жылдын 5-июнунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, "Eti Bakir" акционердик коомунун жана "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга № 1 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001809

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ

2023-жылдын 29-декабры № 818-т

Тереккан, Ашуу жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2023-жылдын 5-июнунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, "Eti Bakir" акционердик коомунун жана "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга № 1 кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз геология кызматынын директоруна жогоруда аталган Кошумча макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
