Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2024-жылы сезондуу айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-февралы № 43-т
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө", "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылы сезондуу айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылга төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү артыкчылыктуу катары аныкталсын: жаздык жана күздүк буудай, жаздык жана күздүк арпа, күрүч, жүгөрү, картошка, пахта, май өсүмдүктөрү, соя, беде, эспарцет, ошондой эле мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык товар өндүрүүчүлөр (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
- 2024-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча сунуштарды 3-тиркемеге ылайык жетекчиликке алсын.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюучу станцияларда дизелдик отунду жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн 4-тиркемеге ылайык топтоону камсыз кылуу;
- Кыргыз жер семирткичтерди берүүчүлөрдүн ассоциациясына 2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасына ташып келүүнү 5-тиркемеге ылайык камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте оруп-жыюу жумуштарынын башталышы менен жер-жерлерде дан даярдоочу убактылуу пункттарды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү мөөнөттөрдө берсин:
- 2024-жылдын 15-мартына чейин - жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айыл чарба техникасынын даярдыгы жөнүндө, үрөндөрдүн жана минералдык жер семирткичтердин болушу тууралуу;
- 2024-жылдын 15-майына чейин - жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө;
- 2024-жылдын 25-июлуна чейин - жазгы-талаа жумуштарынын аяктагандыгы жөнүндө;
- 2024-жылдын 30-декабрына чейин - өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оруп-жыюунун жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн аяктагандыгы жөнүндө.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар ПЛАНЫ
№
Максаттар
Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар
Индикатор - күтүлүүчү натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1-компонент. Өзгөрүп жаткан климаттын шартында ата мекендик агрардык сектордун туруктуу өнүгүү моделине өтүүсүн тездетүү
1
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө кластерлерди түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
1.1. Кластерлерди түзүү үчүн потенциалдуу өсүү чекиттерин аныктоо жана чарбалык субъекттерди кластерлерге бириктирүүгө тоскоолдук кылган көйгөйлүү аспекттерди аныктоо
Кластерлерди түзүү үчүн конкреттүү аймактарды аныктоо. Кластердик бирикмелерди түзүү үчүн болгон тоскоолдуктарды аныктоо
II квартал
СРАЧКИӨЖМ
Талап кылынбайт
1.2. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү сунуштарды киргизүү
Агрардык секторду кластерлештирүүнүн көйгөйлүү аспекттерин чечүү боюнча чаралардын тизмегин түзүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн негизделген сунуштарды киргизүү
III квартал
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, РАӨБ
Талап кылынбайт
2
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын базасында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн окутуу боюнча борборлорду түзүү
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына караштуу Окуу борбору жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук түзүмдөрү жөнүндө жоболорго жана башка ченемдик укуктук актыларга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү
Фермерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу. Заманбап агротехнологияларды жайылтуу. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактарында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, СРК, ВК, Жер агенттиги, "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
3
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кургакчылыкка туруктуу сортторун түзүү жана өндүрүшкө киргизүү
Климаттын өзгөрүшүнүн шарттарына адаптацияланган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун түзүү жана аларды өстүрүүнүн технологияларын иштеп чыгуу боюнча тапшырманы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна жеткирүү
Кургакчылык жана сугат суунун жетишсиздиги шарттарында кепилденген туруктуу түшүм алууну камсыз кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун түзүү жана өндүрүшкө киргизүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КУАУ, КДИИИ, КМЧЖИИИ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
4
Сууну үнөмдөөчү технологияларды бардык жакка киргизүү
Тамчылатып сугаруунун заманбап системаларын, жамгыр менен сугаруучу түзүлүштөргө жана башка натыйжалуу ирригациялык системаларды түзүү, сатып алуу жана ишке киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын фермерлеринин жана дыйкандарынын тамчылатып сугаруунун заманбап системаларына, жамгыр менен сугаруучу түзүлүштөргө жана сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү башка ирригациялык системаларга жеткиликтүүлүгү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КУАУ, СРК, КДИИИ, АЧМИТКД, "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Министрликтерди н жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
5
Айылдык өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу
Жалпы дыйканчылык маселелери боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билимин актуалдаштыруу боюнча окутуучу иш-чараларды өткөрүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын органикалык, ресурстарды үнөмдөөчү жана айыл чарба өндүрүшүнүн так методдорун киргизүүсүнө колдоо көрсөтүү
Дайыма
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, РАӨБ
Талап кылынбайт
6
Айыл чарба тармагында мейкиндик маалыматтарын чогултуу, талдоо, сактоо жана графикалык визуалдаштыруу системасын жана аралыктан зонага бөлүү системасын түзүү
Тиешелүү программалык камсыздоону колдонуу менен талап кылынган маалыматтарды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу. Алынган маалыматты акыркы пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу форматта берүү
Республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын, ошондой эле чарбакер субъекттердин агрардык тармакта негиздүү башкаруу чечимдерин кабыл алуусу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, Жер агенттиги, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
7
Айыл чарбасында жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну кеңейтүү
Агробизнесте маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн маалымдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жана аларды пайдаланууга окутуу
Фермерлердин арасынан жаңы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануучулардын санын көбөйтүү
Дайыма
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Донордук уюмдардын каражаттары
8
Айыл чарба өндүрүшүнө агроэкология методдорун киргизүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасында ресурстарды үнөмдөөчү органикалык айыл чарбасын жана агро токой чарбасын жүргүзүүнүн методдоруна окутуу
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарбасында "жашыл" технологияларды колдонууну кеңейтүү
Дайыма
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
9
Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык препараттарын жана биологиялык каражаттарын колдонуу аянттарын көбөйтүү
Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык препараттарын жана биологиялык каражаттарын өндүрүүнүн көлөмүн жана колдонуу аянтын көбөйтүү
"Жашыл" агротехнологияларды колдонуу менен айып чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү аянттарын көбөйтүү
Дайыма
СРАЧКИӨЖМ, ОАЧД
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
10
Органикалык айыл чарба жерлерине жана органикалык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү
Органикалык айыл чарба жерлеринин жана органикалык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалыматтар базасын иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин веб-сайтында маалыматтар базасын жайгаштыруу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
11
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн 2024-жылга айдоо аянттарынын түзүмү жана адистештирилиши жөнүндө маалыматты жеткирүү
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө өстүрүү үчүн сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрү жөнүндө маалымдоо
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жөнүндө негиздүү чечимдерди кабыл алуусу
I квартал
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
12
Өсүмдүк өстүрүү тармагында интеграциялык процесстерге дем берүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн "Үрөнчүлүк секторундагы кооперация", "Өсүмдүк өстүрүү тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууда кластерлештирүүнүн ролу", "Өсүмдүк өстүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу" ж.б. темаларда окутуу иш-чараларын уюштуруу
Кооперациялоонун ар кандай формаларынын артыкчылыктары жөнүндө дыйкандардын жана фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу. Үрөн материалынын сапатын жана аны сатууну жогорулатуу үчүн ири үрөн чарбаларынын айланасында чакан фермердик чарбаларды консолидациялоо. Кайра иштетүүчү ишканалар менен чынжырларды түзүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын жана атайын эсептеги каражаттардын чегинде
2-компонент. Жазгы-талаа жумуштарын өз убагында даярдоо жана жүргүзүү
13
Сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
2024-жылы өстүрүлүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн адистештирилишине жараша региондордун керектөөлөрүн аныктоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды бардык региондордун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеткирүү
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жөнүндө негиздүү чечимдерди кабыл алуусу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
14
Себүү материалдары менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө маалымдоо
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арасында үрөндөрдү дотациялоо механизми жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Үрөндү дотациялоо механизми жөнүндө үрөн чарбаларынын өкүлдөрүнүн жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу
I квартал
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
15
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн өндүрүү планын аткаруу
15.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн өңдүрүү планын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү. Бул пландын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү менен толук камсыз болду
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
15.2. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык үрөндөрү менен камсыз болушун 80%га чейин жеткирүү
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жаздык себүүнү жүргүзүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык үрөндөрү менен камсыз кылуу
15-майга чейин
СРАЧКИӨЖМ, АЧӨЭД, РАӨБ
Талап кылынбайт
16
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жаздык себүүнү жүргүзүү үчүн сертификацияланган үрөндөр менен камсыздоо
16.1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишканаларында жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарында сактоодо турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өз убагында тандап алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 552-т тескемесин сапаттуу аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү
641 тонна үрөндү тандап алуу, бул Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сертификацияланган үрөндөр менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет
30-апрелге чейин
КРП ЫУӨ, СРАЧКИӨЖМ, ӨКМ, РМА, "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
16.2. 2024-жылы жазгы-күзгү талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда дотациялык үрөндөрдү бөлүштүрүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Январь-апрель, август-октябрь
СРАЧКИӨЖМ, РАӨБ
Талап кылынбайт
16.3. 2024-жылы жазгы себүүгө Россия Федерациясынан сатып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнү уюштуруу
2024-жылы жазгы себүүнү өз убагында жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн дан, май жана буурчак өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыздоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Октябрь-декабрь
КРП ЫУӨ, СРАЧКИӨЖМ, ЖМА, "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
17
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге жана пестициддерге керектөөлөрүн камсыз кылуу
2024-жылга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын пестициддерге болгон керектөөлөрүн эсептөө жүргүзүү. Минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди ташып келүүнү уюштурууда жеткирүүчүлөргө көмөк көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын зарыл болгон көлөмдө минералдык жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыз кылуу (айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн керектөөлөрүнө жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша)
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр (макулдашуу боюнча)
Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
18
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүн өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерден коргоону камсыздоо
Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик зыяндуу организмдерге (чегирткелер жана америкалык ак көпөлөк) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик иш-чараларды жүргүзүү
Өзгөчө коркунучтуу зыянкечтердин (чегиртке жана америкалык ак көпөлөк) айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүлөрүн алдын алуу
II-III квартал
СРАЧКИӨЖМ, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүүчүлөр (макулдашуу боюнча)
Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
19
Жаңы (пайдаланылбаган) жерлерди өздөштүрүү
Пайдаланылбаган айдоо жерлерин ирригациялык объекттерди эксплуатациялоого киргизүүнүн жана тамчылатып сугарууну колдонуунун эсебинен өздөштүрүү
Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кирешелерин көбөйтүү
15-июлга чейин
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
20
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда жана аларды оңдоону уюштурууда, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү
20.1. Айыл чарба техникаларын өз убагында ондоо иштерин жүргүзүү
Айыл чарба талаа жумуштарын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу
Апрель
СРАЧКИӨЖМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), агротехникалык жана техникалык тейлөөчү кызматтар (макулдашуу боюнча)
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын жана кредиттик каражаттардын эсебинен
20.2. 2024-жылы сезондук талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыздоо
Бардык сезондук айыл чарба талаа жумуштарын үзгүлтүксүз аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
Жыл ичинде, айдоо жана жыюу иштеринин башталышына
СРАЧКИӨЖМ менен "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин ортосундагы 2024-жылга макулдашууда белгиленген шарттарда
"Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси сунуш кылган баалар боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдардын бардык түрлөрүн сатып алуу
21
Сугат суу менен камсыз кылуу жана сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды вегетацияга даярдоо
21.1. Мамлекеттик сугат тармактарына жана гидротехникалык курулмаларга оңдоо жүргүзүү
Сугат тармактарын, гидротехникалык курулмаларды натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү
1-майга чейин
СРАЧКИӨЖМ, СРК, ФМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
21.2. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша ички чарбалык сугат тармактарын, ошондой эле гидротехникалык курулмаларды -жергиликтүү калкты тартуу менен "ашар" методу менен оңдоо жүргүзүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сугат суу менен өз убагында камсыздоо
Апрель
СРАЧКИӨЖМ, ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча),
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
21.3. Сугат сууну топтоону камсыздоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык өсүмдүктөрдү себүү үчүн ным топтоочу сугаттарды жүргүзүү
Ным топтоочу жана вегетациялык сугарууну үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн шарттарды түзүү
Февраль-апрель
СРАЧКИӨЖМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
21.4. Кыргыз Республикасынын агрардык саясатын калыптандыруунун алкагында пайдаланылган суунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү
Пайдаланылган суунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, климаттын өзгөрүү шарттарында суу булактарынан сууларды алууну кыскартуу жана суу ресурстарын кыскартуу, суу булактарынын жана айыл чарбасынын жерлеринин пестициддер жана жер семирткичтер менен булгануусун кыскартуу, деградацияланган жерлерди жакшыртуу боюнча чараларды талдоо, суунун коромжулугун кыскартуу боюнча чараларды талдоо
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, ЖРЭТКМ, СРК, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
22
Республика импорттун эсебинен камсыз кылынган негизги азык-түлүк продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү
22.1 Республика импорттун эсебинен камсыз кылынган негизги азык-түлүк продуктуларын камсыз кылууда ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү
Өздүк өндүрүштүн эсебинен негизги азык-түлүк продуктулары менен 65%дан ашыгын камсыз кылуу (буудай, өсүмдүк майы)
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
22.2. Түшүмдүүлүктү бир убакта 27,0-30,0 ц/га чейин жеткирүү менен буудай өстүрүү үчүн жер аянттарын кеңейтүү
650,0-700,0 миң тоннадан кем эмес азык-түлүк буудай данын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү
Жыл ичинде
Талап кылынбайт
22.3. Кант кызылчасын өстүрүү үчүн жер аянтын кеңейтүү
Кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмүн 750,0 миң тоннага чейин көбөйтүү
Жыл ичинде
Талап кылынбайт
22.4. Интенсивдүү багбанчылыктын принциптерин айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү
Мөмөлүү мезгилдеги көчөттөрдүн жер аянтын 62,1 миң гектарга чейин кеңейтүү
Жыл ичинде
Талап кылынбайт
22.5. Май өсүмдүктөрүнүн ата мекендик өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү
Өсүмдүк майын жеткирүүнү импорттоодон көз карандылыгын кыскартуу
Жыл ичинде
Талап кылынбайт
23
Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча макулдашууларды түзүү
Потенциалдуу сатуу рынокторун издөө жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоо жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча иштерди жүргүзүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча логистикалык борборлорду уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү
Агрардык сектордун экспорттук потенциалын жогорулатуу. Дыйкандардын жана фермерлердин кирешелерин көбөйтүү. Ички дүң продукциянын өсүшү
III квартал
ЭКМ, СРАЧКИӨЖМ, КР ЫУӨ
Талап кылынбайт
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо
24
Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүү
24.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун графиктерин жана комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемаларын бекитүү
Оруп-жыюу иштерин макулдашып жүргүзүүнү жана оруп-жыюу техникасын максималдуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу
Июнь
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары
Талап кылынбайт
24.2. Колдо болгон айыл чарба техникаларына өз убагында ондоону жүргүзүү жана өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоону камсыздоо. Кырмаңдарды жана кампа жайларын өстүрүлгөн түшүмдү кабыл алууга жана кайра иштетүүгө өз убагында даярдоо
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн өз убагында кабыл алуу жана сактоо
Июнь
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары
Талап кылынбайт
24.3. Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн тездетип жыйноо үчүн графикке ылайык кошумча дан жыйноочу комбайндарды тартуу
Оруп-жыюу иштерин өз убагында жүргүзүү жана түшүмдүн жоготууларын минималдаштыруу үчүн колдо болгон оруп-жыюу техникасын оптималдуу пайдалануу
Июнь-октябрь
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), чарбалык субъекттер
Талап кылынбайт
25
Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн ошондой эле айыл чарба тармактарына дем берүү жана аны камсыз кылуу
25.1. Сунуштарды даярдоо жана "Органикалык күрүчтүн өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу аркылуу кошумча нарк чынжырын жакшыртуу" долбоорун ишке киргизүү
Долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана донорлордун кароосуна киргизүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Донордук уюмдар
25.2. "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда багбанчылыкты өнүктүрүү" долбооруна сунуштарды даярдоо жана ишке киргизүү
Долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана донорлордун кароосуна киргизүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Донордук уюмдар
25.3. Сунуштарды даярдоо жана "Триходерминди өндүрүү боюнча лабораторияны модернизациялоо, жабдуу жана потенциалын жогорулатуу" долбоорун ишке киргизүү
Долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана донорлордун кароосуна киргизүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
25.4. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө кредит берүүдө жаңы шарттарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө кредит берүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
25.5. Агроөнөр жай комплексинде камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Айыл чарба өндүрүшүндөгү тобокелдиктерди азайтуу үчүн мамлекеттик колдоо механизмин кабыл алуу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, ЭКМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
25.6. Тейлөө кызматтарынын сапатын жана ар түрдүүлүгүн жогорулатуу
10 машина трактордук станцияларды түзүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
25.7. Селекциялык жана үрөнчүлүк ишке дем берүү механизмин иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аз түшүмдүүлүгүн жоюу
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
25.8. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында ресурстарды үнөмдөөчү жаңы технологияларды киргизүү
Ата мекендик айыл чарба продукциясын агро кайра иштетүүнүн салыштырма салмагын көбөйтүү
Жыл ичинде
СРАЧКИӨЖМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен
26
Азык-түлүк буудай данынын мамлекеттик резервин толуктоо
26.1. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 40,0 миң тоннага чейин 2024-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алуу
Мамлекеттик резервди баланстап толуктоо
25-декабрга чейин
ӨКМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
26.2. 40,0 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча)
Фермерлерге балансталган материалдык колдоо көрсөтүү
15-июнь
СРАЧКИӨЖМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен биргеликте
Талап кылынбайт
26.3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сатып алып жаткан азык-түлүк буудай данын үчүнчү класстан төмөн эмес сапатта сатып алуу баасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин негиздүү сунушу боюнча рыноктун конъюнктурасына жараша кайра карап чыгуу укугу менен белгилөө
Кыйла жогорку сапаттагы данды өндүрүүгө фермерлер тарабынан жүргүзүлгөн чыгымдарды эсепке алуу
1-июль
ӨКМ, СРАЧКИӨЖМ, ЭКМ, КРП ЫУӨ, УСК (макулдашуу боюнча), Ун тартуучу ишканалар ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
26.4. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда жана Талас облусунун Талас шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоо үчүн убактылуу пункттарды андан кийин аны мамлекеттик резервдин жооптуу региондук ишканалары-жооптуу сактоочулары тарабынан өз алдынча ташып кетүү менен уюштуруу
Фермерлерге дан берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Фермерлердин буудайды жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарын кыскартуу
Ысык-Көл облусунда - август; Нарын облусунда - сентябрь; Талас облусунун Талас шаарында - июль
ӨКМ, КРП Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы ЫУӨ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган чегинде
27
Кызылча чийки затын өз убагында ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 473-т 2023-2026-жылдар мезгилиңде кант кызылчасынын түшүмүн темир жол транспорту менен ташууга республика ичиндеги тарифтер жөнүңдө тескемесин аткарууга алуу
Кызылча чийки затын сактоо жана аны тез арада кайра иштетүү, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге эсептешүүлөрдү кумшекер менен алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Сентябрь-декабрь
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" МИ кызылча чийки затын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде
Талап кылынбайт
4-компонент. Дан өсүмдүктөрүнүн күздүк себүүсүн өз убагында даярдоо жана өткөрүү
28
2023-жылга салыштырганда күздүк буудайды себүү аянтын 30-35%га кеңейтүү зарылдыгын эске алуу менен 2025-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сунушталуучу түзүмүн иштеп чыгуу
28.1. Облустар жана райондор боюнча 2025-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунушталган түзүлүшүн иштеп чыгуу
Жаздык кылкандуу данга салыштырмалуу күздүк кылкандуу дан эгиндеринин эсебинен дандын түшүмдүүлүгүнүн 20-30%га өсүшүн камсыз кылуу. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу
15-августка чейин
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
28.2. 2025-жылдын түшүмү үчүн Кыргыз Республикасында күздүк буудайдын айдоо аянтын 190 миң га чейин жеткирүү, анын ичинде:
Күздүк буудайдын айдоо аянтын 190 миң га жеткирүү
Сентябрь-ноябрь
СРАЧКИӨЖМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен
Баткен облусунда - 9 миң га; Жалал-Абад облусунда - 20 миң га; Ош облусунда - 18 миң га; Ысык-Көл облусунда - 16 миң га; Талас облусунда - 10 миң га; Чүй облусунда - 117 миң га
28.3. Айдоо алдында милдеттүү түрдө сугаруу менен сугат жерлерге күздүк буудайдын 70%дан кем эмесин жайгаштыруу
Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
Сентябрь-ноябрь
СРАЧКИӨЖМ, СРК, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен
29
Фермерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү менен камсыз кылуу
29.1. 2024-жылы күзгү талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө дотациялык үрөндөрдү бөлүү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жеткиликтүү сертификацияланган үрөндөрү менен камсыздоо
Август-октябрь
СРАЧКИӨЖМ, АЧӨЭД, РАӨБ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2024-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
29.2. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин кондициялык үрөндөрү менен камсыз болушун 80%га жеткирүү
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык үрөндөрү менен камсыз кылуу
20-октябрга чейин
СРАЧКИӨЖМ, АЧӨЭД, РАӨБ
Талап кылынбайт
30
Күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу
Ысык-Көл облусуңда 2024-жылдын түшүмүнүн күздүк буудай үрөнүнүн өтмө фондун түзүү
Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө себүүнү камсыз кылуу
Сентябрь-октябрь
СРАЧКИӨЖМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Ысык-Көл облусунун айыл чарба кооперативдери жана үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча)
Ысык-Көл облусунун үрөнчүлүк чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен
Кыскартуулардын тизмеси:
СПА
-
Суу пайдалануучулар ассоциациясы
ВК
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат
АЧӨЭД
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент
АЧМКИТД
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти
ОАЧД
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти
КДИИИ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту
КМЧЖИИИ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту
КИИИИ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту
КУАУ
-
Кыргыз улуттук агрардык университети
СРАЧКИӨЖМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ӨКМ
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ЖРЭТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
РАӨБ
-
райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары
СРК
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы
Жер агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик
ЖМК
-
жалпыга маалымдоо каражаттары
МИ
-
мамлекеттик ишкана
2-тиркеме
2024-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтынын ТҮЗҮМҮ (миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы
Республика боюнча
Жалпы аянтка %
Алардын ичинде облустар боюнча
Баткен
Жалал-Абад
Ысык-Көл
Нарын
Ош
Талас
Чүй
Бардык аңдоо аянты
1236,0
100,0
67,15
161,3
184,24
112,64
184,66
108,0
418,0
Бардык дан жана чанактуу дан өсүмдүктөрү, анын ичинде:
658,84
53,3
42,5
71,4
88,35
28,24
96,0
68,7
263,65
буудай
240,0
19,4
14,5
20,3
42,0
6,8
41,2
10,2
105,0
арпа
240,5
19,5
12,4
15,3
45,8
21,4
23,8
3,8
118,0
дан жүгөрү
112,0
9,1
10,6
31,0
0,04
27,4
3,7
39,3
чанактуу дан
53,3
4,3
1,1
0,2
0,15
51,0
0,85
башка дан өсүмдүктөрү
13,0
1,1
3,9
4,6
0,4
3,6
0,5
Кант кызылчасы
14,0
1,1
0,09
1,0
12,91
Пахта
16,0
1,3
8,6
7,4
0,03
Тамеки
0,53
0,04
0,05
0,36
0,12
Май өсүмдүктөрү
18,0
1,5
1,0
5,1
0,1
0,4
1,8
1,6
8,0
Картошка
69,3
5,6
2,4
8,2
20,7
5,5
13,2
10,1
9,2
Жашылча
55,0
4,4
3,5
12,7
3,1
0,5
10,3
4,3
20,6
Бакча өсүмдүктөрү
10,6
0,9
0,1
3,5
2,7
0,1
4,2
Тоют өсүмдүктөрү
393,7
31,9
17,6
51,8
71,9
78,0
52,9
22,2
99,3
3-тиркеме
Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча СУНУШТАР Кыргыз Республикасы боюнча Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокту тамак-аш азыктары менен толтуруу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн өсүмдүк өстүрүү тармагындагы артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- пайдаланылбаган айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн эсебинен жалпы айдоо аянтын көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын тоо этектеринин дыйканчылык зонасында жаңы сугат жерлерин жүгүртүүгө киргизүү;
- дан, чанактуу дан, жашылча-бакча жана техникалык өсүмдүктөрдү айдоо аянтын, ошондой эле ички керектөөлөрдү камсыз кылуу жана экспорттоо үчүн өзгөчө баалуу сугат жерлерине дары чөптөрдүн аянтын кеңейтүү;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланган жогорку түшүмдүү жаңы сортторду жана аларды өстүрүүнүн инновациялык, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларын киргизүүнүн эсебинен бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу;
- интенсивдүү технологияларды жана тамчылатып сугаруу системаларын колдонуу менен тоо этектериндеги дыйканчылык зоналарында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүүнүн негизинде айыл чарба өндүрүшүндө кластердик ыкманы киргизүү.
Баткен облусу Негизги үч дан өсүмдүктөрүн - буудай, арпа жана дан жүгөрү өстүрүүгө адистешкен, ал жалпы айдоо аянтынын 60%га жакынын ээлейт. Баткен облусунун кыртыштык-климаттык шарттары мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет: Кадамжай районунда - алча жана гилас; Баткен районунда - өрүк, Лейлек районунда өрүк жана жүзүм. Ошондой эле Лейлек районунун тоолуу зоналарында арпа эгүүгө болот, мында арпа айдоолору жайкы кургакчылыкта жакшы сакталат. Жаңы айдоо жерлерин пайдаланууга киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн эсебинен көп жылдык чөптөрдү - бедени жана эспарцетти айдоону кеңейтүү сунушталат. Мындан тышкары жашылча-бакча жана чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн, дан жүгөрүсүнүн, күрүчтүн жана картошканын айдоо аянтгарын натыйжалуу пайдалануу керек. Жалал-Абад облусу Адистештирүү дан, жашылча-бакча, мөмө жана май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор), пахта жана тамеки өстүрүүгө негизделген. Облуста буудай, май жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн айдоону кеңейтүү сунушталат. Ички жана тышкы рыноктордо суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу органикалык пахта жана күрүчтүн айдоо аянттарын көбөйтүү сунушталат. Тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөсканаларды киргизүүнүн эсебинен жашылча өстүрүү сунушталат. Аксы жана Ала-Бука райондорунун тоолуу зоналарында мөмө-жемиш (өрүк, алма, кара өрүк) өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат. Ошондой эле дан жүгөрүнүн, бакча өсүмдүктөрүнүн, жашылча өсүмдүктөрүнүн жана картошканын айдоо аянттарын натыйжалуу пайдалануу сунушталат. Тоо этектериндеги зоналарда көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын көбөйтүү сунушталат. Ысык-Көл облусу Адистештирүү картошка, кылкандуу дан, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана дары чөптөрүн өстүрүүгө негизделген. Тамчылатып сугарууну киргизүүнүн эсебинен жаңы айдоо жерлерин пайдаланууга киргизүүгө байланыштуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн отургузууну кеңейтүү зарыл. Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң райондору мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистештирилген. Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондору - кылкандуу дан эгиндерине жана картошкага. Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун сугат өрөөндөрүндө дары чөптөрүн айдоону кеңейтүү зарыл. Тоо этегиндеги зонада арпа жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүү сунушталат. Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат. Нарын облусу Облус мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн туруктуу тоют базасын түзүү үчүн тоют өсүмдүктөрүн (негизинен арпа) жана көп жылдык чөптөрдү (эспарцет жана беде) өндүрүүгө адистешкен. Көп жылдык айдоо чөптөрдүн жыйноо аянттары жана алардын айдоо аянтынын салыштырма салмагы 70%ды түзөт. Бир жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кыскартуунун эсебинен арпа айдоо аянтын көбөйтүү сунушталат. Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун тоолуу зоналарынын жарактуу төмөнкү жактарында жана Нарын районунун түштүк бөлүгүндө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилет. Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун түштүк бөлүгүндөгү сугат өрөөндүү зоналарда дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталууда. Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондору картошка жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистештирилген. Ош облусу Облустун адистешүүсү дан эгиндерин, чанактуу дан (соя), жашылча-бакча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, пахта, тамеки жана май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор) өстүрүүгө негизделген. Алай, Чоң-Алай, Ноокат райондорунун өзгөчө тоолуу зоналарында кургакчылыкка туруштук берген арпанын, ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн (күн карама, сафлор) жана көп жылдык чөптөрдүн себүү аянттарын көбөйтүү сунушталат. Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорундагы суу боюндагы жерлерге күрүчтүн айдоолорун жайгаштыруу керек, ага суроо-талап жана баа жыл сайын өсүүдө. Тамчылатып сугаруу системасын жана күнөсканаларды ишке киргизүүнүн эсебинен жашылчанын себүү аянттарын кеңейтүү сунушталат. Тоо этектериндеги зоналарда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат. Кара-Суу жана Араван райондорунун өрөөндүү зоналарында пахта, дан эгиндерин, чанактуу дан жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн, ал эми Ноокат жана Өзгөн райондорунда - тамеки, дан эгиндерин жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат. Дан жүгөрүнүн, бакча өсүмдүктөрүнүн жана картошканын айдоо аянттары турукташтырьшууда. Талас облусу Облус жалпы айдоо аянтынын 53%ынан ашыгын ээлеп турган чанактуу дан өсүмдүгү - төө буурчакты өстүрүүгө жана экспорттоого адистештирилген. Бирок төө буурчак 20 жылдан ашык монокультурада өстүрүлгөнүн эске алуу керек. Бул топурактын жана үрөн материалынын айрым бир коркунучтуу патогендер менен булганышына алып келди. Натыйжада жыл сайын дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү жана сапаты төмөндөөсү байкалууда. Ушуга байланыштуу которуштуруп айдоону уюштуруу үчүн кант кызылчасы, жүгөрү, күн карама, жашылча өсүмдүктөрү жана башкалар сыяктуу альтернативдүү өсүмдүктөрдү киргизүү зарыл. Мындан тышкары төө буурчактын үрөндүк материалын жаңылоо боюнча тез чараларды көрүү керек. Талас өрөөнүнүн жогорку зонасы арпаны, көп жылдык чөптөрдү жана картошканы өстүрүүгө адистештирилген. Өрөөндүн төмөнкү зонасынын жер-климаттык шарттары дан жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн, ал эми райондордун тоо этектери мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Чүй облусу Облус дан өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын, жашылча-бакча өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиштерди, жүзүмдөрдү жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүүгө адистештирилген. Май өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын, мөмө-жемиш жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн айдоону кеңейтүү сунушталат. Ошондой эле тамчылатып сугаруунун эсебинен жабык жерде жашылча өндүрүүнү көбөйтүү сунушталат. Тоо этектериндеги зоналарда жаңы айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн жана тамчылатып сугарууну колдонуунун эсебинен беденин жана эспарцеттин, жүзүмдүн, мөмө-жемиштердин айдоолорун кеңейтүү сунуш кылынат. Арпа, дан жүгөрүнүн, чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоолору турукташтырылууда. Суусамыр өрөөнү арпа, көп жылдык чөптөрдү өстүрүү, ап эми Чоң-Кемин зонасында картошка жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү адистештирилген.
4-тиркеме
2024-жылы айыл чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон КЕРЕКТӨӨ тонна
Облустардын аталышы
Дизель отуну
Автобензин
Бардыгы
анын ичинен
Бардыгы
анын ичинен
Жазгы талаа жумуштарына
Оруп-жыйноо жумуштарына
Күзгү талаа жумуштарына
Жазгы талаа жумуштарына
Оруп-жыйноо жумуштарына
Күзгү талаа жумуштарына
Республика боюнча
103835
42510
42815
18510
27000
12000
10500
4500
Баткен
7070
3650
2510
910
1440
635
550
255
Жалал-Абад
13620
6260
5670
1690
3685
1535
1600
550
Ысык-Көл
13410
6850
5160
1400
3705
2220
1100
385
Нарын
6835
1980
4855
1690
890
800
Ош
13530
4910
6220
2400
4125
1630
1545
950
Талас
10570
6360
3300
910
2005
990
705
310
Чүй
38800
12500
15100
11200
10350
4100
4200
2050
5-тиркеме
2024-жылы айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн минералдык жер семирткичтерге болгон керектөө (миң тонна)
Облустар
Жылдык керектөө
Анын ичинде минералдык жер семирткичтердин түрлөрү боюнча
Азоттук
Фосфордук
Калийлик
Республика
286,6
163,6
105,8
17,2
Баткен
15,8
9,3
5,5
1,0
Жалал-Абад
42,4
24,2
15,4
2,8
Ысык-Көл
45,8
24,2
16,0
5,6
Нарын
18,8
9,3
7,9
1,6
Ош
46,8
27,2
16,9
2,7
Талас
27,2
17,0
9,5
0,7
Чүй
89,8
52,4
34,6
2,8
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22