Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-февралы ПЖ № 22 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын бекитүү тууралуу
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Методика 2025-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
3. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган:
1) эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чечимдин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте ишти баалоонун маалыматтык системасын иштеп чыксын;
3) укук коргоо жана аскер органдарынан тышкары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишине жыл сайын баалоо жүргүзүп турсун.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат…Методика · 02.02.2024 · № 22
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 01.08.2025 · № 227
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы ПЖ №17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын…Указ · 02.02.2023 · № 17
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 01.08.2025 · № 227
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.