# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралы № 45 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралы № 45 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5283/edition/3085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралы № 45 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (15.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001762

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 15-февралы № 45

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 215-беренеде:

а) 4-пунктта "конституциялык," деген сөз алып салынсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алганда.";

2) 216-берененин 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 217-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) ушул Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 27-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
