Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-февралы № 45
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 215-беренеде:
а) 4-пунктта "конституциялык," деген сөз алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алганда.";
2) 216-берененин 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 217-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ушул Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 27-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Шилтеме берет (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон