# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 1864-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 1864-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1864-VII
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15278/edition/3071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 1864-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичти бекитүү жөнүндө" токтому (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001741

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 7-февралы № 1864-VII

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичти бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Алыбаев Таалайбек Джуманазарович Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Алыбаев Таалайбек Джуманазарович;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрагасынын орун басары

Н.Сыдыгалиев
