# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001740>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23622/edition/3067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001740.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө" Токтому (17.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001740

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-февралы № 58

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктун жетекчиликке жана эске алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-февралындагы № 94 "Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
