# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫ 2024-жылдын 9-январы № 1 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫ 2024-жылдын 9-январы № 1 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5281/edition/3064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫ 2024-жылдын 9-январы № 1 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001739

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 9-январы № 1

Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-1)

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагы деп кайра аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагы деп кайра аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-3)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Тынчтык айылы деп кайра аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-4)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Достук айылы деп кайра аталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-5)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айым аймагынын Чек айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Ынтымак айылы деп кайра аталсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-6)

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Кытай айылы деп кайра аталсын.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-7)

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айыл аймагы деп кайра аталсын.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-8)

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айыл аймагынын Кожояр-Ата айылы деп кайра аталсын.

### [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001739/st-9)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
