# Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-январындагы №3 "Семеновка айылынын Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-январындагы №3 "Семеновка айылынын Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23620/edition/3062/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-январындагы №3 "Семеновка айылынын Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001737

---

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын XXVIII чакырылышындагы Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы

2024-жылынын 22-январы № 3 Семеновка айылынын Ленин көчөсүнүн аталышын «Сагалиев Замирбек» аталышына өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1997-жылдын 25-сентябрындагы N 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2008-жылдын 21-июлундагы №159, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2022-жылдын 20-январындагы № 9, 2023-жылдын 6-апрелиндеги №79 Мыйзамдарынын редакцияларынын 7-беренесинин негизинде жана Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын макулдук тизмесин карап талкуулап чыгып Семеновка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семеновка айылындагы Ленин көчөсүнүн аталышы маркум Сагалиев Замирбектин ысымына өзгөртүлсүн.

2. Семеновка айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Жаңы өзгөрүүчү көчөнүн атын, үй номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын көтөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарууга алуу жагы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.

5. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №1 туруктуу комиссиясынын жер, агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясына жүктɵлсүн.

Төрайым А.С.Бараканова
