# 9-берене. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн милдеттери

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 9-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-9

---

Аксакалдар сотунун мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;

2) адеп-ахлак жалпы кабыл алынган ченемдерин, этикалык жүрүм-турум стандарттарын сактоого;

3) өзү аксакалдар сотунун мүчөсү болуп шайланган тиешелүү аймактын бир бөлүгүнүн жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрүнүн алдында мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана аксакалдар сотунун иши тууралуу отчет берүүгө;

4) өз алдынча жана уюштурулган курстарга окуудан өтүү аркылуу укуктук сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга, укуктун ченемдерин колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, аксакалдар сотунун ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын окуп-үйрөнүүгө;

5) иштерди (материалдарды) кароодо өзүнө белгилүү болуп калган жеке, үй-бүлөлүк, коммерциялык жана башка сырларга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

6) аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол бербөөгө.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-10)
