# 8-берене. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн укуктары

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 8-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-8

---

Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте аксакалдар сотторунун кароосунда турган материалдар жагынан зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактардан суратууга жана алууга;

2) аксакалдар сотторунун ишин өркүндөтүү жана аларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда каралып жаткан иш (материалдар) боюнча аксакалдар сотунун айрым мүчөсүн четтетүү жана өзүн четтетүү жөнүндө маселе коюуга;

4) аксакалдар сотунун жыйналышынын катышуучуларына каралып жаткан иш (материал) жагынан суроолорду берүүгө;

5) аксакалдар сотунун регламентинде белгиленген тартипте жана шарттарда каралып жаткан иш (материал) боюнча сөз сүйлөөгө жана сунуш киргизүүгө;

6) аксакалдар сотунун кабыл алынган чечимине макул болбогон учурда, иштин материалдарына тиркөө үчүн өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берүүгө;

7) мамлекеттик, ведомстволук, муниципалдык жана башка сыйлыктарга сунушталууга.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-9)
