# 7-берене. Аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) кароосунун шарттары

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 7-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-7

---

Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:

1) эгерде каралып жаткан иштер алар түзүлгөн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагында (аймагынын бөлүгүндө) орун алса;

2) эгерде жоопкер алар түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында жашаса, анын жашаган жерине карабастан арыз ээсинин өтүнүчү боюнча;

3) эгерде арыз ээси же жоопкер алар түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында жашаса, башка аксакалдар сотторунун өтүнүчү боюнча.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-8)
